Кыргыз кыялын эркиндик орундатат / Эмил Умет / Жаратман episode artwork

EPISODE · Jun 13, 2023 · 2H 31M

Кыргыз кыялын эркиндик орундатат / Эмил Умет / Жаратман

from Jaratman Podcast

Салам, достор! “Жаратмандын” жаңы чыгарылышына куш келипсиздер. Бул чыгарылышта биз белгилүү коомдук ишмер, бизнеске адеп чыйыр салган, мыкты агабыз Эмил Үмөт менен болгон кызыктуу интервьюну тартуулайбыз. Кеп башында Эмил байке советтер союзунун тушунда Италияга болгон саякатын айтып берет. Анын бул саякаты дүйнөгө болгон көз карашын толугу менен өзгөрткөнүн, өлкөлөрдүн жашоо турмушундагы айрымачылыктар өтө чоң экенин белгилейт. Эмил ошондо гүлдөп өнүгүүдөгү эң жогорку баалуулук эркиндик экенин түшүнгөн. Биз бул маекте эмнеге кээ бир өлкөлөр бай, башка өлкөлөр жакыр бойдон калган себептерди тереңирээк талкуулайбыз. Эмил ага өзүнүн узак убакыт созулган ишкердик ишмердигинин жолунда өзү байкаган тажрыйбалар жана байкоолор менен бөлүшөт. Ал экономикалык өсүштөргө жана ийгиликтерге жетишүүдө жаңычылдыктын жана ишкердик дымактын канчалык маанилүү экенин ачып берет. Ошондой эле көз карандысыз Кыргызстанда коммерциялык компанияны түзүүнүн уникалдуу тажрыйбасын айтып берет. Ал Советтер союзу таркагандан кийин бизнести өнүктүрүүгө күч кубатын жана ресурстарын тобокелге салгандардын бири. Эмил ага биздин аймакта эң алдыңкы ийгиликтүү ишканага айланган Кыргыз концепт компаниясын негиздеген. Кызыктуу жаратмандын баянын уккуң келсе биздин берүүлөргө кир! Биздин каналга жазылып, пикириңди жазып, лайк басканды унутпа! Жаратманга салым кошуңуз: M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040 OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov) 

Episode metadata supplied by the publisher feed · Published Jun 13, 2023

Embed this episode

NOW PLAYING

Кыргыз кыялын эркиндик орундатат / Эмил Умет / Жаратман

0:00 2:31:31

No transcript for this episode yet

We transcribe on demand. Request one and we'll notify you when it's ready — usually under 10 minutes.

No similar episodes found.

No similar podcasts found.

Frequently Asked Questions

How long is this episode of Jaratman Podcast?

This episode is 2 hours and 31 minutes long.

When was this Jaratman Podcast episode published?

This episode was published on June 13, 2023.

Can I download this Jaratman Podcast episode?

Yes. Use the download control on the episode player to save the publisher-provided media file.
URL copied to clipboard!