ТИГҮҮ БИЗНЕСИНИН ГИГАНТЫ 4 машинкадан башталган / Сүймөнкул Жолдубаев / Жаратман подкаст episode artwork

EPISODE · Nov 18, 2023 · 1H 38M

ТИГҮҮ БИЗНЕСИНИН ГИГАНТЫ 4 машинкадан башталган / Сүймөнкул Жолдубаев / Жаратман подкаст

from Jaratman Podcast

Достор! Жаратман подкастынын жаңы чыгарылышына куш келиңиздер! Бул жолу биздин мейманда дуэр, кыргыздын чыныгы жаратманы, тигүү тармагынын атактуу ишкери, Cool Bros компаниясынын негиздөөчүсү Сүймөнкул Жолдубаевди урматтоо менен тосуп алабыз. Сүймөнкул Жолдубаев эмгек жолун эң жөнөкөй нерселерден баштаган. Тестиер кезинде базарда коробка жана жашиктерди чогултуп жүргөн кезинде келечектүү, ийгиликтүү ишмердикти кыялданган. Кийин эмгек мигранты болуп Россияга иштегени кеткен. Бул анын турмуштун татаал бирок тагдыр чечээр бөлүгүнө кадам таштаган учуру эле. Нечен кыйынчылыктарды баштан өткөргөндөн кийин ал болгону төрт тигүү машинеси бар өз цехин ачкан. Анткен менен өжөрлүү эмгек, ийгиликке умтулган аракет, командасынын ырааттуу ишинин акыбети кайтып, бизнеси жолго салынып кетти. Бүгүнкү күндө Cool Bros компаниясы Кыргызстандын эле сыймыгы эмес, бүткүл КМШ өлкөлөрүнө таанымал фабрика болду. Өз ишине берилгендик жана күжүрмөн эмгекчилдик Сүймөнкул Жолдубаевди базардагы соодагерден тигүү бизнесинин чыныгы чемпиондугуна жеткирди. Азыр анын компаниясына караштуу Кыргызстандан ар кай жеринде иштеп жаткан 6 фабрикасында 2000ден ашуун жумушчу иштейт. Жеке өзү өлкөбүздөгү эле эмес барды КМШ мамлекеттериндеги ишкердерге үлгү. Биздин бул жолку кызыктуу подкастыбызда Сүймөнкул Жолдубаев өзүнүн карапайым башталышынан жогорку жетишкендикке чейин жеткен кызыктуу таржымалы менен бөлүшөт, кыйынчылыктарды кантип жеңип, ийгиликтүү бизнес жүргүзүп, мыкты натыйжага жеткенин айтып берет. Биз анын кыйынчылыктарды кантип жеңип, ийгиликке жеткени, тагдырындагы урунттуу окуялар жана өмүр жолунда алган баалуу сабактары тууралуу билебиз. Биздин меймандын бизнес жүргүзүүдөгү шыктандыруучу кызыктуу баянын өткөрүп жибербеңиз! Көрсөтүүнүн соңунда меймандан баалуу белектер бар. Кызыктуу жаратмандын баянын уккуңуз келсе биздин берүүлөргө киргиле! Биздин каналга жазылып, пикириңизди жазып, лайк басканды унутпаңыздар! Жаратманга салым кошуңуз: M Bank +996500807040 О! Деньги +996500807040 OPTIMA BANK VISA 4169 5853 5854 1828 (Urmat Nasykulov) ►Эксклюзивдик өнөктөш: https://instagram.com/kulikov_kg?igsh... ►Биздин Instagram:  / jaratman_podcast ►Биздин TikTok:  / jaratman_podcast ►Instagram Урмат Насыкулов:  / urmagramm ►Видеомейкер:  / izat_mukhametaliev  

Episode metadata supplied by the publisher feed · Published Nov 18, 2023

Embed this episode

Ready to play

ТИГҮҮ БИЗНЕСИНИН ГИГАНТЫ 4 машинкадан башталган / Сүймөнкул Жолдубаев / Жаратман подкаст

0:00 1:38:15

No transcript for this episode yet

We transcribe on demand. Request one and we'll notify you when it's ready — usually under 10 minutes.

No similar episodes found.

Frequently Asked Questions

How long is this episode of Jaratman Podcast?

This episode is 1 hour and 38 minutes long.

When was this Jaratman Podcast episode published?

This episode was published on November 18, 2023.

Can I download this Jaratman Podcast episode?

Yes. Use the download control on the episode player to save the publisher-provided media file.
URL copied to clipboard!