Дин  - Азаттык үналгысы podcast artwork

PODCAST · news

Дин - Азаттык үналгысы

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

  1. 0

    Чет өлкөдөн диний билим алгандар ич ара жиктелүүдө

    “Биз жана дин” түрмөгүндө диний билим алгандардын ич ара атаандашуусу менен байланыштуу көйгөйлөрдү талкуулап, анын себептерин талдаганга аракет кылабыз. Бул маселени дин таануу жаатындагы адистер Канатбек Мурзахалилов менен Азиз Ташполотов талкуулашат.

  2. -1

    Дин аялдын илим алышына чек койбойт

    Динде аялдардын илимдин түрдүү бутактарында эмгектенишине да чектөө жок болсо да, көп учурда айымдарга мамиле анын тетирисин көрсөтүүдө.Теманы эксперт Канатбек Мурзахалилов Иордания Улуттук университетинин “Ислам укугу” бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, теолог Ибрагим Абдиев менен бирге талдоого алат.

  3. -2

    Дин жана саясат: Убада берүү кооптуу

    Кыргызстандын жаңы өкмөтү дин саясатында кайсы маселелерге көңүл бурууга тийиш? Жаңы өкмөттүн диний саясатты жүргүзүүдөгү деңгээли кандай? Абал кандай өзгөрүшү мүмкүн?

  4. -3

    Диний илимге өмүрүн арнаган аалым

    Диний чөйрөдө Алауддин Мансур деген ат менен таанылган Алауддин Рустамов 2020-жылдын 13-октябрында 68 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал радикализмге билим менен каршы турууга чоң салым кошкон инсан катары Борбор Азияга таанылган. Саясаттан алыс, тек гана диний илимге өмүрүн арнаган, көп китеп жазган инсан катары белгилүү.

  5. -4

    Тынчтыкты сактоодо диндин ролу

    Калайман башаламандыкта, саясий абал чыңалганда дин ишмерлери тынчтыкты сактоого кандай салым кошо алат? Алар жарандарга кеп-кеңеш берип, жагдайды турукташтырууга көмөк көрсөтө алабы?

  6. -5

    Үй-бүлөлүк зомбулук жана диндин позициясы

    «Азаттыктын» «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында эксперт Канатбек Мурзахалилов менен Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев коомдогу аялдардын көйгөйлөрүнө байланышкан маселелерди диний өңүттө карап талкууга алышты.

  7. -6

    Илдетке каршы күрөштө дин ишмерлеринин ролу

    Кыргызстанда кайрадан күчөп баракан коронавируска каршы күрөшкө дин ишмерлери кандай салым кошо алат? Маселени эксперт Канатбек Мурзахалилов менен «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун мүдүрү, теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимов талкуулашты.

  8. -7

    «Жаштардын диний билими аалымдарга көз каранды»

    Диний көз караштар жаштардын тандоо мүмкүнчүлүгүнө кандай таасир этет? «Биз жана дин» түрмөгүн ушул темага арнайбыз.

  9. -8

    “Биз – Кудайдын кулу эмеспиз, учкунубуз”

    Карагат сөз кылган буддизм окуусу Ниппонзан Мёхожи деп аталат жана ал өткөн кылымда негизделген. Анын тамыры азыркы Жапонияга барып такалат.

  10. -9

    “Дин тутунгандарды сыйлайм, эгерде алар мыйзам чегинде болсо”

    Кыргызстандагы дин жана ишеним эркиндигине арналган бул подкаст көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Айчүрөк агностицизмдин өз жашоосундагы орду жөнүндө ой бөлүшөт. Химия, физика сыяктуу илимдер өнүккөнгө чейин, адамдар жаратылыштагы кубулуштарды сыйкырдуу күчтөр жасап атат деп ишенишчү. Ошол эле сыяктуу, балким, азыркы окуялардын толук түшүнүүгө дараметибиз менен аң сезимибиз өсүп өнүгө электигинен улам адамдан жогору турган күчтөргө, мисалы Жаратканга, байланып аткан болушубуз мүмкүн деп эсептейт.

  11. -10

    Жетинчи күндүн адвентисттери: алар кимдер?

    «Биз жана дин» түрмөгүндө протестант агымынын бир багыты болгон Жетинчи күндүн адвентисттери жөнүндө баянды угасыз.

  12. -11

    Пандемия мени динге жакындатты

    “Пандемия мени кандай өзгөрттү?” подкаст сынагына Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Анара Жумабаева жөнөткөн баянды сунуш кылабыз. Ал Орусияда мигрант экенин, пандемия учурунда үйдө ишсиз жатып, диний амалдарга кызыга баштаганын айтып берет.

  13. -12

    Мурас, дин жана мыйзам

    "Биз жана дин" түрмөгүндө мураскорлук жана аялдардын мураска болгон укугу тууралуу сөз кылабыз. Мыйзамдуу эрежелерге диний көз караштын таасирин талдайбыз.

  14. -13

    Исламдын кыргыз маданиятына тийгизген таасири

    Ислам дининин кыргыз тилине жана маданияты таасир этүү жараяны уланууда. Айрым замандаштарыбыз диний түшүнүктөр мусулманчылык аркылуу кыргыз элинин салтына азыр сиңирилип жатат дешсе, кээ бирөөлөр ислам дининин жөрөлгөлөрү эзелтен бери бизге жат болбогонун айтып келишет. Түркиянын «Стамбул Айдын» университетинин доктору, арабист Инаятулла Азимов менен эксперт Канатбек Мурзахалилов ушул маселе боюнча маектешти.

  15. -14

    "Чубак ажы илимди сүйгөн диниятчы эле"

    Таанымал диниятчы, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак Жалилов капысынан келген илдеттен улам 11-июлга оогон түнү 45 жашында дүйнөдөн кайтты. Дин маселелери боюнча эксперт маркумду замандаштары менен чогуу эскерет.

  16. -15

    Шииттер: тиреш жана идеологиялык талаш

    «Биз жана дин» түрмөгүндө Ислам дининеги шииттер агымы, идеологиясы жана сунниттер агымы менен тирешке токтолобуз. Кыргызстандагы шииттер жамааты жана өлкөдөгү эки агымдын мамилеси жөнүндө дагы сөз кылабыз.

  17. -16

    Пандемияга каршы күрөштө муфтияттын ролу

    COVID-19 пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда мечиттерге чогулууга жана диний жөрөлгөлөргө кайрадан чектөө киргизиле баштады.

  18. -17

    Диний экспертиза же руханий коопсуздукка камкордук

    Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө диний маалыматты туура жеткирүү мамлекеттин руханий коопсуздугун камсыз кылууга багытталып, диний адабияттарды экспертизадан өткөрүү, аны талдоо жолго коюлган. Ал эми Кыргызстанда абал кандай?

  19. -18

    Ханафилик-матуридилик мазхабы тууралуу маек

    “Азаттык” радиосунун “Биз жана дин” түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында ханафий мазхабынын матуриди ишеними туралуу сөз кылабыз. Теология илиминин доктору Медербек Кадыров менен эксперт Канатбек Мурзахалилов маектешти.

  20. -19

    Чубак ажы: Тумоо учурунда үйдөн чыкпай отуруу да сооп

    Мурдагы муфтий, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов коронавирус жайылып жаткан учурдагы мусулмандардын милдети, жума намазды окуу тартиби тууралуу суроолорго жооп берди. Умра жана андан келгенден кийин ажы той өткөргөн көрүнүштөр тууралуу оюн айтты. Динзарларды мамлекеттин тартибине баш ийүүгө, тазалыкты сактоого чакырды.

  21. -20

    Агностиктердин кыргыз коомундагы орду

    Кыргызстанда жаштар арасында динге ыктагандар менен катар агностикалык көз карашка оогондор да көбөйгөнү байкалууда.

  22. -21

    Умра: шарттар жана талаптар

    "Биз жана дин" түрмөгүндө мусулмандардын Умра зыяраты, шарттары жана талаптары тууралуу кеп кылабыз. Умра Сауд Арабиянын Мекке жана Медина шаарларында аткарылат.

  23. -22

    Исламдагы аялдын укугу: шарият жана тажрыйба

    Ислам дининдеги аялдын укугун турмуш курууга, нике кыюуга байланыштуу жагдайлар менен талкуулайбыз.

  24. -23

    Радикализмди чыгармачылык менен жеңебиз

    Кыргызстандык, казакстандык жана тажикстандык жаштар июлда Ысык-Көлдө чогулуп, радикализм жана экстремизмге чыгармачылык аркылуу күрөшүүнү үйрөнүштү.

  25. -24

    Экстремизм азгырыгынын түйшүгү токтой элек

    Кыргызстан Жакыңкы Чыгыш мамлекеттериндеги радикал топторго адашып кошулуп кеткен жарандарын мекенине качан алып келери азырынча так эмес.

  26. -25

    Диний иденттүүлүк деген эмне?

    “Биз жана дин” түрмөгүндө дин жана социология, “диний иденттүүлүк” темасындагы маекти сунуш кылабыз. “Кыргыз социология ассоциациясынын” вице-президенти, Бишкек гуманитардык университетинин “Социология” кафедрасынын доценти Бакытбек Малтабаров менен эксперт Канатбек Мурзахалилов маектешкен.

  27. -26

    Интернеттеги диний үгүттүн пайда-зыяны

    Cоциалдык тармактардагы диний үгүт-насааттарды мыйзам менен тескөө сунуш кылынды.

  28. -27

    Медреседе дүйнөбий билимди окутуу сунуш кылынды

    Кыргызстанда диний билим берүүнү жөнгө салууну көздөгөн жобону эки жумадай убакыттан бери адистер талкуулап жатышат.

  29. -28

    "Дин маданиятынын тарыхы" - зарылдыктан кирген сабак

    "Дин маданиятынын тарыхы" сабагы эмки жылы жүздөн ашуун мектепте үчүнчү ирет сыноо мөөнөтүндө окутулат. Андан соң бүт мектептерге жайылтылат.

  30. -29

    Мамлекет жана дин. Кызматташуунун күңгөй-тескейи

    Радикалдашуунун алдын алууда кыргыз өкмөтү ресурстарын кандай колдонуп жатат? Диний уюмдар жана дин өкүлдөрү менен мамлекеттин кызматташуу модели анык деп айтууга бүгүн кандай негиздер бар?

  31. -30

    Динди айланчыктаган саясат

    Интернет айдыңында, маалымат каражаттарында Кыргызстандын азыркы саясий жетекчилери динчил болуп баратканы тууралуу көп сөздөр айтылууда.

  32. -31

    Медреселерге доор талабы

    Кыргызстандагы медреселерди лицензиялоо жана алардын билим берүү сапаты, диний мекемелерде экстремизмге тарбиялоо коркунучу жана башка маселелер боюнча дин тармагындагы эксперт Нурлан Исмаиловдун маегин бул жерден уксаңыз болот.

  33. -32

    Жаштарды азгырган радикализм тузагы

    Акыркы учурда Кыргызстанда жаштар эмне үчүн экстремисттик - террористтик уюмдарга азгырылып жатат? Өз элин таштап, бөтөн жердеги согушка кимдер аттанган? Аларды кандай максат жана күч жетелейт? Бул көйгөйдү кандай аракет токтото алат?

  34. -33

    Ислам суицид тууралуу

    Жаштардын интернеттеги ар түрдүү оюндарга азгырылып өзүн-өзү өлтүрүүгө жетеленүүсү коомчулукта тынчсызданууну пайда кылууда. “Биз жана дин” берүүсүнө Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Аким Эргешов жана Муфтияттын жаштар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Абибилла Кадырбердиев жооп беришти.

Type above to search every episode's transcript for a word or phrase. Matches are scoped to this podcast.

Searching…

We're indexing this podcast's transcripts for the first time — this can take a minute or two. We'll show results as soon as they're ready.

No matches for "" in this podcast's transcripts.

Showing of matches

No topics indexed yet for this podcast.

Loading reviews...

ABOUT THIS SHOW

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

HOSTED BY

ЭЕ/АҮ

Produced by Азаттык үналгысы

CATEGORIES

Frequently Asked Questions

How many episodes does Дин - Азаттык үналгысы have?

Дин - Азаттык үналгысы currently has 34 episodes available on PodParley. New episodes are automatically indexed when they're published to the podcast feed.

What is Дин - Азаттык үналгысы about?

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

How often does Дин - Азаттык үналгысы release new episodes?

Дин - Азаттык үналгысы has 34 episodes. Check the episode list to see recent publication dates and frequency.

Where can I listen to Дин - Азаттык үналгысы?

You can listen to Дин - Азаттык үналгысы on PodParley by clicking any episode. We provide an embedded audio player for direct listening, and you can also subscribe via your preferred podcast app using the RSS feed.

Who hosts Дин - Азаттык үналгысы?

Дин - Азаттык үналгысы is created and hosted by ЭЕ/АҮ.
URL copied to clipboard!