PODCAST · science
"Калп-Чындык"
by Айпери Хожаева
Биргеликте медиа сабаттуу болобуз!
Episodes
-
Спорт баяндамачы Кубан Жумамидинов: Роналду утулганда эмес, Айсулуу Тыныбекова 2-орунду алганда ыйла
“Калп-Чындык” подкастынын үчүнчү сезону старт алганын кубануу менен жарыялайбыз! Биринчи чыгарылышта спорт журналистикасы тууралуу сөз кылабыз, коногубуз КТРК Спорт телеканалынын журналисти, спорт баяндамачы, алып баруучу Кубан Жумамидинов. Мазмуну: Таанышуу, спорт баяндамачылык, спорт...
-
Мээрим Сырдыбаева: Кыздар журналистикада өз ордун таап алгандан кийин үй-бүлө курса жакшы
Бул сезондун жыйынтыктоочу, 6-эпизодунда “Азаттык” медиасынын журналисти Мээрим Сырдыбаева конок болду. Мээрим эже менен “Журналистикада кыздар кандай кыйынчылыктарга туш болот?” деген темада сүйлөштүк. Мазмуну: 1. Кириш сөз, эмнеге таанымал аял журналисттер аз? 2. Кесиптик жолдун башталышы,...
-
Алмаз Касымалиев: “Азыр деле эфирге чыгарда сүрдөйм”
Бул чыгарылыш мен үчүн өзгөчө болду. Анткени өзүмө сабак берген агайым, УТРКнын жүзү Алмаз Касымалиев агай менен маек курдук Бул жолку тема: таанымалдуулуктун жоопкерчилиги. Мазмуну: 1. Кириш сөз, таанымалдуулук тууралуу 2. Математик болгусу келген Алмаз 3. Кесип тандоо 4. Журналистикадагы жолдун...
-
Азамат Убраимов: “Баткен окуялары учурунда согуштук корреспонденция керек экенин туйдум”.
Кезектеги чыгарылышта "Марал" теле-радиосунун кабарчысы Азамат Убраимов менен " Журналисттерге университетте берилген билим жетиштүүбү?" деген теманы талкууладык. Спойлер: жетишсиз Мазмуну: 1. Кесиптик жол, журналистикага келгенден кийин практикалык журналистиканын айырмасын билдим. 2. Жасаган...
-
Айгерим Акылбекова: Жаш болсом да көп практикант алыптырмын, буга өзүмдүн өксүгүм себеп деп ойлойм
“Калп-чындык”подкастынын бул чыгарылышында “Азаттык” медиасынын журналисти, блогер, медиатренер Айгерим Акылбекова универсалдуу журналистика тууралуу айтып берди. Конвергентүү журналистика, анын багыттары, кесип тандоо. Мазмуну: 1. Универсалдуу журналист болуу кыйынбы, баарына кантип жетишсе…
more -
Жаш журналисттер Чолпонбек жана Эркайым: Кесиптик жолубуз 2020-жылдын октябрындагы чоң окуялар менен башталды
Мазмуну: 1. Таанышуу 2. 2020-жылдын октябрь окуяларында журналисттик жолубуз башталган 3. Алгачкы кыйынчылыктар 4. Эсте калган кызыктуу окуялар 5. Басып өтүлгөн этаптар 6. Кандай жөндөмдөр талап кылынды? 7. Выгорание жана андан кантип чыкканбыз 8. Дата-журналистика тууралуу 9. Ата-эне…
more -
2-сезон, 1-эпизод. Айпери Хожаева, журналистикага кантип келгем, подкаст кандайча жаралып калганы тууралуу
Салам достор! Мен деле силердей эле жөнөкөй кызмын. Бул подкасттын алкагында журналистиканын ар кандай тармагында иштеп жаткан кесиптештер менен маектешип, алардын кеңештерин, окуяларын угабыз. Мунун баарын ким, эмне үчүн кылып жатканын билип, түшүнүшүңөр үчүн биринчи эпизоддо өзүм тууралуу айтып...
-
Калп-Чындык 2-сезон. Реалити-шоу форматында.
Журналист кыздын жашоосу, анын түйшөлткөн суроолор, белгилүү журналисттер менен сырдашуу. Подкастты уккан мисалы, 18 жаштагы Айжамал журналист болом же болбойм деп чечет. Эмнеден баштоо, медиада кандай кадрлар талап кылына турганын түшүнөт. Башка журналисттердин лайфхактарын алат. Университет...
-
Шайлоо учурунда бизди кантип манипуляциялашты?
1. Биздин саясий сабаттуулугубуз канчалык? 2. Манипуляциянын түрлөрү 3. Кимди манипуляциялоо оңой? 4. Шайлоо учурунда калкты кантип манипуляциялашты? 5. Эмне үчүн айыл? 6. Баштан Башта 7. Алдыдагы беш жыл 8. Саясатка барбайм 9. Кеңеш
-
Сиз медиа-сабаттуусузбу?
1. Сиз медиасабатуусузбу? 2. Медиа-сабаттуулук дегенде эмнени түшүнөсүз? 3. Сурамжылоо 4. Кандай адам медиа сабаттуу? 5. Пост-чындыктын коркунучтуулугу эмнеде? 6. Эмне үчүн массалык маалымат каражаттарында бул тууралуу сөз аз айтылат? 7. Кансы уюмдар медиа-сабаттуулукту өнүктүрүү багытында…
more -
Критикалык ой жүгүртүүнү өстүрүү үчүн эмне кылуу керек?
1. Критикалык ой жүгүртүүсү бар адам башкалардан айырмаланабы? 2. Адам критикалык ойлоно ала турганын кантип билсек болот? 3. 2 XXI кылымда критикалык ой жүгүртүүнүн маанилүүлүгү. 4. Дебат критикалык ой жүгүртүүгө жардам берет. 5. “Жумуш табуу оңой”... 6. IDEA CA тууралуу 7. Критикалык ой...
-
Эмне үчүн чындыкка караганда ушак-айыңга көбүрөөк ишенебиз?
Фейк деген эмне? Эмне үчүн адамдар аны таратышат? Эмне үчүн чындыкка караганда калка көп ишенебиз? Психологиялык зыяны. Адам калп маалыматтарды укканда кандай сезимдерди бөлүп чыгарат? Фейк дүйнөлүк көйгөй Андан коргонуу жолдору
-
Таштанды маалыматтан арылууга болобу?
Таштанды маалымат деген эмне? Андан арылууга болобу? Күнүмдүк жаңылыктар, реклама таштанды маалыматпы? Адам маалыматтардан чарчайбы? Журналисттерде маалыматтык иммунитет бар. Маалыматтык көбүкчө деген эмне? Фейк маалыматтар - таштанды маалыматтын бир бөлүгү. Кеңеш.
We're indexing this podcast's transcripts for the first time — this can take a minute or two. We'll show results as soon as they're ready.
No matches for "" in this podcast's transcripts.
No topics indexed yet for this podcast.
Loading reviews...
Loading similar podcasts...