PODCAST · education
ЖЕР ЭНЕ
by ЭЕ/АҮ
Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда ЖЕР ЭНЕНИ кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп, туруктуу өнүгүүгө кантип салым кошобуз?
-
38
"Жер арыктаганда аба булганат"
Бириккен Улуттар Уюму 5-декабрды эл аралык топурак күнү катары бекиткен. Аталган уюмдун маалыматында учурда Жер планетасынын 40% аянты топурагын жоготуп, деградацияга учураган. Бул процесс Кыргызстанда да жүрүүдө. Эксперттер соңку кезде жайыттар жана айдоо аянттары асылдуулугун жоготуп, такырайып баратканын белгилешет. Окумуштуулар топурак абага зыяндуу газдарды чыгарбай кармап турган кабык экенин айтышат. Топурак кантип пайда болот, аны кантип сактоо керек, түшүмдү кантип мол алыш керек? Бул суроолорго топурак таануучу адис, биолог Таалай Мамбетов жооп бермекчи.
-
37
"Тоо коюнун таштандыдан арылткан Улук акын"
Президент Садыр Жапаров элди туш келди таштанды ыргытуу адатын токтотуп, табиятты таза сактоого чакырды. Адистер өлкөдө бул көйгөй курч экенин айтып келет. Ал арада мамлекеттен колдоо күтпөй, таштандыны өз алдынча терген жарандар дагы жок эмес. Талас районунун тургуну, акын Улук Рысалиев Өтмөк ашуусуна жакын жерде, ары-бери каттаган жүргүнчүлөр токточу жерди күн алыс тазалап турат. Ал элди таштанды ыргытпоого чакырып, дубал бооруна төрт куплет ыр дагы жазган. “Жер эне” подкастыбызда табият менен эриш-аркак жашаган акын менен баарлашабыз. Подкастты кабарчыбыз Санжи Туйтунова даярдады.
-
36
"Үйүрлүү чегиртке үйгө чейин киреби?"
Кыргызстанда быйыл чегиртке жылдагыдан да көбөйүп, айыл чарбасына олуттуу коркунуч жаратты. Айыл чарба министрлиги 92 миңден ашуун гектар аянтты дарылоого аргасыз болду. Соцтармактарда борбор калаанын, Чүйдөгү чакан шаарлардын тургундары чегиртке көп кабаттуу үйгө чейин кирип жатканын жазышууда. “Жер эне” подкастында бүгүн чегирткелер жөнүндө айтып беребиз.
-
35
"Көлгө келген ак куулар арпа-буудай жебейт "
2007-жылы чаккан Кызыл китепке жоголуп бараткан канаттуулардын 50дөн ашык түрү кирген. Кийинки редакцияга андан да көп түрү кириши мүмкүн. Жаратылыштын индикатору саналган куштардын жоголушуна аңчылык, жайыт жерлердин какырап, айдоо аянттарынын көбөйүшү, көлмөлөрдүн соолуп, саздардын кургашы себеп экени айтылып келет. "Жер эне" подкастында орнитолог Сейитказы Сагынбаев Кыргызстанды байырлаган канаттуулар жана алардын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берет. Илимпоз менен кабарчыбыз Санжи Туйтунова баарлашты.
-
34
"Жолбун итти аткандан көрө актап кой"
Кыргызстанда соңку жылдары жолбун иттер көбөйүүдө. Адистер жолбундар жергиликтүү фаунага коркунуч туудурганы аз келгенсип, жугуштуу ылаңдын да таратуучусу болуп жатканын айтып келишет. Расмий органдар жолбундар маселесин атуу жолу менен чечкенге аракет кылышууда. Зооактивисттер мындай күрөшкө каршы чыгып, жаныбарларды өлтүрүү ордуна тукумсуздандыруу көбүрөөк пайда берерин белгилешет. “Жер Эне” подкастында бүгүн жолбун иттерге байланыштуу маселеге токтолобуз.
-
33
"Өзүбүз жаккан отунга ууланып жатабыз"
Бишкек соңку жылдары ыштын кучагында калды. Экологдор абада күкүрттүн кош кычкылы, көмүр кычкыл газы, азот кычкылы баштаган зыяндуу газдар көбөйүп кеткенин эскертип, коңгуроо кагышкан. “Жер эне” подкастында биз дем алган аба, анын курамы, зыяндуу заттар тууралуу эколог Бактыяр Асанов айтып берет.
-
32
"Кыргызстанда өскөн жер-жемиштин сапатын Дрезденде изилдейбиз"
Техника илимдеринин кандидаты, доцент, Германиядагы Дрезден техникалык университетинин илимий кызматкери Жамила Сманалиева менен маекти сунуштайбыз. Ал Кыргызстанда өскөн жер-жемиш жана балдын сапатын изилдейт.
-
31
"Тоо өзгөрсө анын кесепети жалпы дүйнөгө тийет"
Сел Борбор Азияны, анын ичинде Кыргызстанды катуу түйшүккө салууда. Бишкек эл аралык деңгээлде тоонун экосистемасын коргоого глобалдык алкакта чара көрүүгө чакырып келет. Климаттык дипломатия боюнча эксперт Дастан Абдылдаев “Жер Эне” подкастында ушул жана башка суроолорго жооп берди.
-
30
Желим баштыктан арылуу аракети үмүттү актайбы?
Кыргыз бийлиги 2027-жылдын 1-январынан желим баштык жана идиштерди өндүрүүгө, колдонууга тыюу салууну көздөп жатат. Эл аралык ишкерлик кеңеши ал мүмкүн эместигин айтып, мыйзам долбоорун өзгөртүүнү сунуштады. Желим баштыкка тыюу салуу тажрыйбасын Ысык-Көлдө ишке ашыруу аракети өзүн актап жатабы?
-
29
Борбор Азиядагы чаң. Көйгөй кантип чечилет?
Эмне үчүн акыркы акыркы 30 жылда Борбор Азияны чаң басты? Чөлкөмдөгү өлкөлөр көйгөйгө каршы кандай күрөш жүргүзүшү керек? Математиканын чаңды азайтуу жана абадагы кирди тазалоодо кандай ролу бар? Нидерландда иштеп жүргөн кыргызстандык окумуштуу Нурмира Жамангулова “Жер Эне” подкастында ой бөлүшөт.
-
28
Мураптын бир күнү
Дыйканчылык жана багбанчылык менен жан баккандар үчүн сууну чыр жаратпай адилет бөлүштүрүп турган киши - мурап. Элеттеги бул кесип абройлуу, бирок түйшүгү көп. Баткендин Самаркандек айылындагы мурап, 58 жаштагы мурап Амирбек Каразаковдун бир күндүк жумушун “Жер Эне” подкастында уктурабыз.
-
27
Сеc көрсөткөн сел. Тооруган коркунучка даярдык кандай?
2024-жылдын жаз мезгили дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп көрбөгөндөй суу ташкын жана сел менен коштолууда. Расмий эсепте Кыргызстанда сел жана суу ташкындоо кооптуулугу жогору 3600дөй аймак бар. Анын 1200гө жакынында эл жашайт. "Жер Эне" подкастында ушул маселе тууралуу сөз кылабыз.
-
26
Таштандыны таштаганды ким үйрөтөт?
Кыргызстанда таштандыны иргөө маданияты эмнеге калыптанбай жатат? Таштандыны кайра иштеткендер эмне үчүн көмүскө жумуш кылууну туура көрүшөт? "Жер Эне" подкастында ушул маселеге кайрылабыз.
-
25
"Жүн менен кошо миң сомдуктар өрттөлөт"
"Жер Эне" подкастында койдун жүнү жана анын жер семирткич катары пайдасы жөнүндө сүйлөшөбүз. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев жүндүн жер семирткич катары пайдасы, андан киреше алуунун заманбап жолдору тууралуу айтып берди. Кызыктуу баарлашууну угууга чакырабыз.
-
24
ЖЕР ЭНЕ: Желимден кантип кутулабыз? Ишкердин сунушу
Кыргызстанда желим таштанды көйгөйүнө каршы күрөшүү чакырыктары эмнеге соцтармакта, жыйындарда гана айтылып, реалдуулукту маселеге көңүл бургандар өтө аз болуп жатат?
-
23
“Колубуз байлануу”. Геологду эмне түйшөлтөт?
Кыргызстандык геологдор мамлекеттик колдоого муктаж болуп турушат. Жабдууларды дээрлик жарым кылымдан бери жаңырбагандыктан, окумуштуулар чет элдик кесиптештери менен атаандаша албай калышты. Геолог Рустам Орозбаев "Жер Эне" подкастында ушул маселелер тууралу кеп курду.
-
22
“Жер Эне”: Кокту-колот очок менен таштандыга толду
Кыргызстанда экологияга кам көрүү эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын милдети деген түшүнүк калыптанып жаткан жокпу? Таштанды таштоо маданияты эмне үчүн негизги көйгөйгө айланды? “Жер Эне” подкастында экологдор Гамал Сооронкулов жана Бактияр Асанов менен баарлашуунун экинчи бөлүгүн угууга чакырабыз.
-
21
"Жер Эне": Төрт түлүк мал табиятты талкалайбы?
Тоо-кен тармагы жапайы жаныбарларга кандай кедергисин тийгизип жатат? Ал эми төрт түлүк малдан экология кандай зыян көрүүдө? Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт. Бул суроолор “Жер Эне” подкастынын кезектеги чыгарылышынын өзөгүн түзөт.
-
20
"Жер эне": Изилдөөчү мугалимди лаборатория түйшүгү кыйнап жатат
Бишкектеги №64 мектептин биология мугалими Нуржамал Аметжанова окуучулар менен мамык чөп жана арчадан май алып, илимий тажрыйба өткөрүп келатат. Эмгегине лицензия алайын десе, Кыргызстанда мындай тажрыйбаларга илимий аныктама бере турган лаборатория жок. “Жер эне” подкастын угууга чакырабыз.
-
19
"Борбор Азияда 5 млн киши жер которот". Климаттык өзгөрүүнүн кесепети
Кыргызстандын экологиясы үчүн эл аралык уюмдар бөлүп жаткан миллиондогон долларды ким көзөмөлдөп, ким бөлүштүрөт? Глобалдык климаттык саясат жана Кыргызстандын стратегиясы кандай? “Жер Эне” подкастынын коногу - Климаттык каржылоо борборунун экс-директору Дастан Абдылдаев.
-
18
"Жер Эне": Кыргызстанда табылган белгисиз өсүмдүктөр
Кыргызстанда өсүмдүктүн 4000дей түрү өсөт. Бул дээрлик 20 жыл мурдагы маалымат. Ботаниктер эл аралаганда эмнеге өздөрүнүн кесибин айткандан чочулашат? Павловния дарагын көп тиккенге адистер эмне үчүн каршы болгон? “Жер Эне” подкастында өлкөнүн флорасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө сүйлөшөбүз.
-
17
Өсүмдүктөрдү сактаган Генбанк тууралуу эмне билесиз?
“Жер Эне” подкастында Генетикалык банк тууралуу сүйлөшөбүз. Генбанк - Кыргызстандагы 2600дөн ашуун айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн, мөмө-жемиштердин генофондун сактайт. Генбанк 2010-жылы Швеция өкмөтүнүн жана Скандинавиялык генетикалык ресурстар борборунун Nordgen долбоорунун колдоосу менен ачылган. Азыр кыргыз өкмөтү каржылайт.
-
16
“Tazar” Кыргызстанды тазарткысы келет
Кыргызстандагы таштанды талаалары 516 гектар жерди ээлейт. Бул Бишкектеги Спартак стадионунан 176 эсе чоң. Калдыктардын 70% кайра иштетсек болот. Бул көйгөйдү чечүү менен алектенип жаткан “Tazar” уюмунун негиздөөчүсү, эко-активист Аймээрим Турсалиеваны кепке тарттык.
-
15
Экология жаштарга эле керекпи?
Экологияга кам көрүүдө эмнеге улуу муунга караганда жаштар жигердүү? Мамлекеттин экологиялык саясаты канчалык ачык-айкын жана жаштар ага канчалык кызыгат? ЖЕР ЭНЕ подкастында климаттын өзгөрүүсүнүн Кыргызстанга таасири, климаттык активизм жана аны жайылтуу тууралуу баарлашабыз. Коноктор: "Жердин балдары” жаштар коомунун лидери Омар Даиров жана "Экоадам" баракчасынын автору, экомарафондун уюштуруучусу Исмаил Карыпов.
-
14
Tulipa toktogulica - Токтогулда табылган жаңы жоогазын
Сиз мандалак же жоогазындын Кыргызстанда канча түрү бар экенин жана анын канчасы "Кызыл китепке" киргизилип, мамлекеттин коргоосуна алынганын билесизби? "Жашыл планета" берүүсүндө ушул тема тууралуу сүйлөшөбүз.
-
13
Баткен: Тамчы суудан тал көгөрөт
Климаты кургак, суу тартыш Баткенде кантип сууну сарамжалдуу пайдаланып, дыйканчылыктын жаңы маданиятын калыптандырса болот?
-
12
Жайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климат
Нарындын Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков жайыттарды коргоого жан үрөп жүргөн экоактивист. Ал соңку жылдары жайыттардын такырайып кеткенин иликтеп, экологиялык бул көйгөйдүн алдын алуунун камын көрүп жүрөт.
-
11
Geos: Отун жакпаган, абаны булгабаган конуш
Кадимки отун жана газ жакпаган, зыяндуу заттарды айлана- чөйрөгө такыр бөлүп чыгарбаган конуш бар. АКШнын Колорадо штатындагы Geos конушун экоактивисттер, жашыл энергиянын жактыргандар, окумуштуулар жана курулуш жаатында иштеген адистер негиздеген. “Азаттыктын” кабарчысы жашыл конушта болду.
-
10
"Түтүн": Ыш уулаган жүрөктө кайсы сүйүү?
Бишкектеги ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр ар кыл өңүттөн чагылдырылган.
-
9
Кунарсыз талааны кулпунткан сөксөөл
Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунда. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. “Жашыл Планета” түрмөгүндө сөксөөл талаалары, токойчулардын эмгеги, тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз.
-
8
Таштандыны суперкомпьютер иргеп, жарык чыгарат
Канткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди.
-
7
Чычырканакты коргогон экоактивист
Чычырканактын кыйылып, талкаланышы микроклиматка канчалык терс таасирин тийгизиши мүмкүн? Атбашылык экоактивист, чычырканактарды коргоп жүргөн Бегайым Мырзалиева менен ушул темада сүйлөшөбүз.
-
6
Байгер өлкөлөр планетаны сактоону моюнуна алат
20-ноябрда Египеттин Шарм-эль-Шейх шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун глобалдык климаттык саммити аяктады. Анын жыйынтыгында климаттын өзгөрүүсүнөн жабыркаган жакыр өлкөлөргө жардам берүү үчүн атайын фонд түзүү макулдашылды. СОР27 саммитинин жыйынтыгы жөнөкөй кыргыз жараны үчүн эмне берет?
We're indexing this podcast's transcripts for the first time — this can take a minute or two. We'll show results as soon as they're ready.
No matches for "" in this podcast's transcripts.
No topics indexed yet for this podcast.
Loading reviews...
Loading similar podcasts...