Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы podcast artwork

PODCAST · news

Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

  1. 0

    Малик Аликеев: “Өмүр жөнүндө ой толгоо”

    Малик Аликеев ырдаган сөзү Сооронбай Жусуевдин, обону Кожоакмат Абдыралиевдин "Өмүр жөнүндө ой толгоо" аттуу ыры

  2. -1

    "Ичтеги бугум "Буй-буйга" айланган..."

    Назарыңыздарда “Азаттык” үналгысынын “Жан дүйнө” рубрикасы. Бүгүн аталган радио берүүдөн өткөн кылымдын 90-жылдары популярдуу болуп турган “Биз” эстрадалык тобунун ырчысы Бактияр Токторов менен маекти угасыздар. Баарлашууну кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов уюштурду.

  3. -2

    Кыргыз музыкасынын могиканы

    Быйыл залкар дирижер, улуу композитор, кыргыз классикалык музыкасынын тарыхындагы корифейлердин бири Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленип жатат.

  4. -3

    Элдик ырлардын касиети

    “Жан дүйнө” радио берүүсүнүн бул жолу чыгарылышында Кыргыз эл артисти, кыргыз үнүн дүйнүгө таанытып жүргөн ырчы Бакыт Шатеновдун чыгармачылыгы тууралуу кеп болот. Радио рубриканын бул жолку чыгарылышын кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов сунуштайт.

  5. -4

    Ар бир нота дирижердун жүрөгүнөн өтөт

    Бул жолу Эл артисти, дирижер, "Камбаркан" этнографиялык-фольклордук ансамблинин жетекчиси Рысбек Жумакуновдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Жумакунов угармандарга кыргыз классиктеринин бир нече чыгармаларын жогорку көркөмдүктө оркестрлештирген адискөй музыкант катары белгилүү.

  6. -5

    Өзбекстандын жылдызын кыргызча ырдаткан Ислам

    Дүйнө жылдыздарынын концертин уюштуруп жүргөн "Gamma media group" компаниясынын жетекчиси Ислам Сатаров менен маек.

  7. -6

    Хрусталь үндүү ырчы өттү дүйнөдөн... (аудио)

    Кыргыз Эл артисти, белгилүү опера ырчысы, "таң булбулу" деп таанылган ырчы Эсенбүбү Нурманбетова 62 жашында бул дүйнөдөн өттү.

  8. -7

    Шостакович же кайра таңшыган обон (аудио)

    Бирок 60 жылдан кийин Шостаковичтин кол жазмаларынын ичинен кокусунан табылган бул чыгармага нидерландиялык музыканттар “Экинчи вальс” деп ат коюп, оркестрге салгандан кийин чыгарма ушул ат менен бүт дүйнөгө тарап кетти.

  9. -8

    Эндрю Ллойд Уэббер - мюзиклдин атасы

    Чынында эле Эндрю Ллойд Уэббер батыштын музыкалык дүйнөсүндөгү бештен белгилүү ысым, тирүү классик, музыкадагы гигант.

  10. -9

    Бааланбай жүрүп дүйнө салган талант

    Комузчу Руслан Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарган.

  11. -10

    Виолончель менен скрипканын бир тууганы альт

    Виолончель менен скрипканын бир тууганы альт

  12. -11

    Феликс Мендельсон жана үйлөнүү маршы

    Демейде бул же тигил инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. Бирок тарыхта калыштын миң бир эки жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот эмеспи.

  13. -12

    Куо: Кыргыз дүйнөсү тайвандыктар үчүн табышмак

    Кэролайн Куо Тайвандагы өкмөттүк эмес "Тайпей Жибек Жолу" борборунун көркөм өнөр боюнча жетекчиси. Кэролайн айым бул уюмдун Борбор Азия элдеринин салттуу музыкасын жайылтуу максаты жана Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын чыгармачылыгы жөнүндө ой бөлүшөт.

  14. -13

    Гүлмайрам Момушева: Суукта төркүндөрүмдө кыштайм

    “Балама”, “Койчунун ыры”, “Күн чыгышым”, “Ак куулар сени сагынаар” өңдүү обондуу ырлар аркылуу кыргыз үнүн алыска тааныткан, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлмайрам Момушева быйыл жетимишке чыгат.

  15. -14

    "Полонез" - Мекен менен коштошуу

    "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн бүгүнкү уктуруусунда бүт дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанда да кеңири белгилүү музыкалык чыгарма -- Михаил Огинскийдин "Полонези" тууралуу сөз болот.

  16. -15

    Чечилия Бартоли - операнын ханышасы

    Урматтуу угарман, эми сөз кезегин "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнө берсек. Бул жолку уктурууда азыркы учурдун эң эле атактуу опера ырчысы, "Италия операсынын примадоннасы" деген атакка ээ болгон Чечилия Бартоли тууралуу сөз кылмакчыбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов обого алып чыкты.

  17. -16

    Жүрөккө от койгон ырчы айымдар (2-бөлүк)

    Жүрөккө от койгон ырчы айымдар (2-бөлүк)

  18. -17

    Бах дебей, деңиз деп аташ керек!

    Иоганн Себастян Бах. Бөлүшүңүз Пикирлерди көрүңүз Принтер Иоганн Себастян Бах дүйнөдө музыканын атасы деп таанылган. Немис акыны Иоганн Гёте Бахтын музыкасынан жараткандын жышаанасын көргөн. Деген менен улуу композитордун ысымы жарым кылымдан ашык унутулган да мезгил болгон.

  19. -18

    Ыйык рухтан же Кудайдан башат алган ыр

    XVIII жана XIX кылымдардын тогоолунда жашаган Луиджи Керубининин чыгармачылык мурасы кимге таандык экенин Италия менен Франция бүгүн да талашып жүрөт.

  20. -19

    Мухтар Магауиндин "Чыңгыз хан" эпопеясы

    2016-жылы заманбап казак адабиятынын классиги Муктар Магауиндин “Чыңгыз хан” эпопеясынын акыркы (төртүнчү) тому жарык көрдү. Карыя жазуучу өзү “Чыңгыз ханды” даректүү икая же баян деп атайт.

  21. -20

    Сардарбеков: Чөп өспөгөн кургак сөздү таштайлы

    Талантуу ырчы, алып баруучу Анарбек Сардарбеков "Азаттыкта" мейманда. Ырчынын чыгармачылык жылдызы 80-жылдары жанган, ырлары ушу күнгө чейин эл оозунан түшпөй ырдалып келет. Ырчы соңку кезде шансон тибиндеги ырларга кайрылып жүрөт.

  22. -21

    Үркөр жылдыздай залкар ырчы айымдар (1-бөлүк)

    Бул изилдөөгө 2002-жылы Stylist музыкалык интернет басылмага чыккан макала негиз болду. Америкалык музыка таануучу Марк Хамфри ал макалада кыргыз ырчысы Саламат Садыкованы дүйнөдө белгилүү ырчы айымдар менен бир катарга коёт.

  23. -22

    Үркөр жылдыздай залкар ырчы айымдар

    Үркөр жылдыздай залкар ырчы айымдар

  24. -23

    Жаш комузчулардын Сочидеги жеңиши

    Бишкектеги №13 гимназия мектебинин "Санат" комузчулар ансамбли Сочиде өткөн конкурс-фестивалда баш байгени жеңип алышты. Конкурстун жыйынтыгында ар кандай номинацияда алдыңкы болгон жаш комузчулар тобу эми Санкт-Петербург шаарында өтө турган фестивалга катышууга чакыруу алды.

  25. -24

    Эдит Пиафтын акыркы сүйүүсү

    Эдит Пиаф - томаяк жашоодон музыка дүйнөсүнө кирип, Франциянын улуттук ырчысы деген атакка жеткен даңазалуу аял. Бүгүн да Эдит Пиаф өлбөс кылган ырлар таанымал өнөрпоздордун репертуарларынан түшпөй жүрөт.

  26. -25

    Кыргызстандын согуштагы салымы

    Экинчи дүйнөлүк согушка Кыргызстандын ошол кездеги калкынын ар бир алтынчы адамы катышып, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Андан тышкары 150 миң адам согушта, 979 адам тылда көрсөткөн эрдиги үчүн эң жогорку мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Бирок кыргызстандыктардын согушка катышы менен салымы терең изилденбей, маалыматтар ар кандай иргелүүдө. Буга эмне себеп? Согушка кыргызстандыктардын салымы боюнча кандай ак тактар бар? Эмне үчүн айрым өлкөлөрдө Панфиловдун дивизиясын өзүнө ыйгаруу аракети жүрүп жатат? “Азаттык” радиосу кезектеги “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салды. Талкууга саясат талдоочу, окумуштуу Эмил Каниметов, тарыхчы окумуштуулар Салмоорбек Дыйканов жана Нарынбек Алымкулов катышты.

  27. -26

    Сальваторе Адамо - түбөлүк романтик

    Сальваторе Адамо жетимиштин кырынан эбак ашса жүрөгү эч качан картайбаган, жаш кезинде тапкан музыкалык стилинен эч бир тайбаган кайталангыс ырчы.

  28. -27

    Вальс уланат!

    Вальс! Бийлердин падышасы. Вальсты эргий бийлеп жаткан эркек-аялдардын көлдө жай калкып бараткан ак куудай көрктүү турпаты жана музыка жараткан ажайып маанай көрүп турган адамды аруу кыялдын дүйнөсүнө алып учат.

  29. -28

    Вальс - сулуулук жана грация

    Вальс. Бул бий балдарда, үйлөнүү тойлорунда, окуу жайды бүтүү кечелеринде, чоң майрамдарда сөзүз бийленет. Вальс бийлеген адамдар ошо кезде сулуулуктун, грациянын символуна айланып, карап тургандарды суктандырат, толкундатат. Эмесе Амирбек Азам уулу даярдаган Вальс уланууда деген музыкалык берүүнү сунуш этебиз.

  30. -29

    "Маш ботой" жана дүйнө

    Атактуу комузчу жана ырчы Атай Огомбаев "Маш ботой" күүсүн демейде элдин көңүлүн ачып, комузда кол ойното черткендин үлгүсү катары карачу экен.

  31. -30

    Паваротти сыйлыгын алган Жеңишбек Ысманов

    Европанын алдыңкы театрларында дүйнөлүк операларды аткарган опера ырчысы тенор Жеңишбек Ысманов өткөн жумада Лучианно Павароттиге арналган PAVAROTTI D’ORO сыйлыгына татыды.

  32. -31

    Калмурат калтырган обондор

    “Жан дүйнө” радио берүүбүздөн отуз жашка чыга элегинде бул дүйнө менен коштошуп кеткен маркум обончу Калмурат Рыскуловдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Азыр анын "Оо, анда көктөм эле", "Болоюн сенин Боогачың", "Адамдарга кайрылуу" "Аян", "Булутум", "Издеп келем", "Күтүү", "Өмүр", "Ата журт" сыяктуу бир нече обондуу ырлары ырдалып келет.

  33. -32

    Гитара боздоп калды

    Ырчы Нурлан Тиллебаев 16-октябрдан 17сине оогон түнү көз жумганы тууралуу жакындары кабарлашты. Ал төрт жылдан бери сыркоолоп, ден соолугу менен алпурушуп келе жаткан. Жайында Тилебаевдин күйөрмандары, Кыргызстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү ооруп жаткан ырчыга жардам берүү үчүн социалдык тармактарда “1000 сом” акциясын уюштурган. Нурлан Тилебаев өткөн кылымдын 90-жылдары кыргыз сахнасына гитаранын коштоосунда ырдап чыгып, таанылган эле. Маек Тиллебаев ооруп жаткан кезде даярдалган.

  34. -33

    Мусабеков: Ырларым тагдырыма үндөш

    “Жан дүйнө” рубрикасынан аткаруучу Аскат Мусабековдун чыгармачылыгы тууралуу угасыздар. Ырчы баарлашууда “Азаттыкка” жан дүйнөсүн түйшөлткөн ойлору, аткарган чыгармаларын кантип тандай турганы, келечек максаты жана үй-бүлөсү тууралуу бөлүштү.

  35. -34

    Легендага айланган марш

    Аскердик марш деген нерсе биздин турмуштагы жаңы нерсе. Илгерки жоокерчилик замандарда тегеректеги элди керней-сурнай менен ойготуп, чабармандарга ат чаптырып, элди чогултушчу экен. “Манаста” эпосунда “Керней-сурнай бапылдап, добулбасы дүпүлдөп…” дегендей сөздөр кездешет.

  36. -35

    Бетховен тууралуу этюд

    Демейде Людвиг ван Бетховен дегенде анын атактуу “Ай сонатасын” же “Элизага арноо” деген фортепиано үчүн жазылган керемет кооз музыкасын эстейбиз. Бул фортепиано үчүн жазылган чакан пьеса азыр ар бир чөнтөк телефондо шыңгырак катары жүрөт.

  37. -36

    Луи Армстронг - америкалык гений

    “Америкалык гений”, “дүйнө маданиятына таасир эткен музыкант”, “жаз музыкасынын атасы”, “жаз мырза” … Ушул жана ушул сыяктуу салыштыруулар жана мактоолор улуу музыкант, батыш маданиятынын эң эле таанымал өкүлдөрүнүн бири Луи Армстронг туурасында айтылган мактоолор. Мактоо эмес, анын зор талантына берилген татыктуу баалар.

Type above to search every episode's transcript for a word or phrase. Matches are scoped to this podcast.

Searching…

We're indexing this podcast's transcripts for the first time — this can take a minute or two. We'll show results as soon as they're ready.

No matches for "" in this podcast's transcripts.

Showing of matches

No topics indexed yet for this podcast.

Loading reviews...

ABOUT THIS SHOW

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

HOSTED BY

ЭЕ/АҮ

Produced by Азаттык үналгысы

CATEGORIES

Frequently Asked Questions

How many episodes does Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы have?

Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы currently has 37 episodes available on PodParley. New episodes are automatically indexed when they're published to the podcast feed.

What is Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы about?

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

How often does Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы release new episodes?

Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы has 37 episodes. Check the episode list to see recent publication dates and frequency.

Where can I listen to Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы?

You can listen to Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы on PodParley by clicking any episode. We provide an embedded audio player for direct listening, and you can also subscribe via your preferred podcast app using the RSS feed.

Who hosts Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы?

Жарым кашык музыка - Азаттык үналгысы is created and hosted by ЭЕ/АҮ.
URL copied to clipboard!