Тарых жана тагдыр podcast artwork

PODCAST · news

Тарых жана тагдыр

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

Publisher-supplied feed metadata · PodParley refreshed May 13, 2023 · Source feed

  1. 50

    Өткөндүн сабагы: диктатура менен репрессия киндиктеш

    Кыргызстанда Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө. Биз ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ыраймысыз репрессия, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.

  2. 49

    Баткендеги музей кантип түптөлгөн?

    Баткендеги мындан төрт жыл мурда иштей баштаган алгачкы музейди үч тарых мугалими негиздеген. Алар эл аралап эки миңден ашуун экспонаттарды кантип чогултушканын "Азаттыкка" айтып беришти.

  3. 48

    Басмачылык кыймылга укуктук баа: Кыргызстандагы көз караштар

    Өзбекстандын Жогорку соту басмачылыкка жана антисоветтик аракеттерге айыпталган 115 адамды актады. Бул Борбор Азияда басмачыларды актап, саясий реабилитацияга жол ачкан алгачкы учур болуп калды. Кыргызстанда дагы изилдөөчүлөр, коомчулук арасында совет бийлигине каршы чыккан кыймылдар - басмачылык тууралуу карама-каршы пикирлер көп.

  4. 47

    Элитасы жок эгемендик (аудио)

    Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп кылдык.

  5. 46

    Фрида Кало: кайгы-капага чөкпөгөн живописчи

    Фрида Кало (1907-1954). Бул ысым бүгүн мексикалыктар үчүн жантумардай жакын. Анын шору калың тагдыры, жандүйнөсүн ачып көрсөткөн сюреалисттик сүрөттөрү, аюудай барбагай Диего Гарсиа экөөнүн махабаты кимди да болсо көңүл кош калтырбайт.

  6. 45

    Жүрөгү Ала-Тоо деп соккон чехтин тукуму

    Эльвира Маречек. Байбиченин чоң атасы 1930-жылдары Кыргызстанда көзгө басар ишканаларды курган “Интергельпонун” уюштуруучусу Рудольф Маречек; атасы жана апасы республикада белгилүү альпинисттер.

  7. 44

    "Согушту эстегим келбейт..."

    "Азаттыктын" апта түрмөгүндө Экинчи дүйнөлүк согуштун каармандарына кайрылдык.

  8. 43

    Төрт орошон таланттын аларман күткөн сүрөттөрү

    Төрт орошон таланттын аларман күткөн сүрөттөрү

  9. 42

    Кыргызстандык корё-сарамдардын тарыхы

    Расмий маалымат боюнча, 2018-жылы Кыргыз Республикасында корей улутундагы 17 миңден ашыгыраак жаран жашаган. Акыркы 20 жылда өлкөдөгү корейлердин саны эки жарым миңге кыскарган.

  10. 41

    Рая Шаршенованын кыргыз киносуна салымы

    Кыргыз кинематографиясы 1941-жылдан башат алат. Бирок Рая Шаршенова эже 1960-жылдарга чейин тасмадагы кадрлардын керектүүсүн кесип алып, кайра жалгаштырып, фильмге сюжеттик линия берген.

  11. 40

    Мааданкул карыянын карапайым өмүрү

    Мааданкул карыянын карапайым өмүрү

  12. 39

    Мааданкул карыянын карапайым өмүрү

    Мааданкул карыянын карапайым өмүрү

  13. 38

    Айтматовдун архивде калган үнү

    12-декабрда Кыргызстанда адабият күнү белгиленип жатат. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Азаттык” радиосунун архивине жазылып калган маегин жана ал тууралуу макаланын аудио түрмөгүн сунуштайбыз.

  14. 37

    Тегирмеч маалесинин жаралыш тарыхы

    Тегирмеч маалесинин жаралыш тарыхы

  15. 36

    Өкмөт калкалаган кандуу кылмыш жана Луис Альванын чындыгы

    Өкмөт калкалаган кандуу кылмыш жана Луис Альванын чындыгы

  16. 35

    Согуш апааты: Балбүбү атасын кантип тапты?

    Бир үйдүн жалгыз уулу Казакбаев Өмүш 1941-жылы согушка аттанганда оорукта карыган энеси, 27 жаштагы жубайы үч кызы менен калган. Өмүштүн ортончу кызы Балбүбү 78 жылдан кийин, карылыкка жеткенде атасынын изин издеп Орусияга акыркы жылдары эки ирет каттап, акыры тапты.

  17. 34

    Мидин Алыбаевдин өзгөчө юмору

    Бул жолу “Жан дүйнө” түрмөгүнөн кыргыз адабиятына отузунчу жылдары келген акын, куйкум сөзү, өзгөчө жоруктары менен эл эсинде калган Мидин Алыбаев тууралуу угасыздар.

  18. 33

    Геннадий Базаровдун мектеби

    "Тарых жана тагдыр" түрмөгүнүн бул жолку уктуруусунда сөз белгилүү киноишмер, ондон ашык кинотасмалардын жаратуучусу, документалист жана жазуучу Геннадий Базаров тууралуу болмокчу.

  19. 32

    Байдылда акын агымга каршы сүзгөн

    Байдылда Сарногоевдин акындык күчү эмнеде эле? Анын күчү – элдигинде, массалыгында эле.

  20. 31

    Азамат Алтай: Совет заманында "Азаттыкка" кат жазгандар болгон

    “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргызча берүүлөрү обого чыга баштаганына 18-март күнү 65 жыл толот. Ушул датага арнап, "Азаттыктын" архивинен аттуу атайын берүүлөр түрмөгүн сунуштайбыз. Бүгүн сиздерге ошол түрмөктөн "Азаттык" радиосу эмнеден башталган, ал кезде "темир тор" артындагы Германиядан кыргыз кабарчылар кандай берүүлөрдү даярдашканы тууралуу кыргыз кызматынын эң алгачкы журналисти, маркум Азамат Алтай менен маекти сунуш этебиз. Маекти Венера Сагындык кызы 2004-жылы телефондон жаздырып алган.

  21. 30

    Махмуд Кашгаринин мурасын "казган" илимий эмгек

    Махмуд Кашгаринин мурасын "казган" илимий эмгек

  22. 29

    Тарыхтын ачылбаган барагы көп (1-бөлүк)

    Кыргызстанда келерки жылдан тарта 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү катары белгиленет.

  23. 28

    Туяк ырчынын кайыптан жаралышы

    Туяк ырчынын кайыптан жаралышы

  24. 27
  25. 26

    Медер Кыдыршаевдин жан дүйнөсү

    “Жан дүйнө” радио түрмөгүндө маркум ырчы, обончу Медербек Кыдыршаевдин чыгармачылыгы жана тагдыры тууралуу кеп болду. 41 жашында бул дүйнө менен коштошкон таланттуу ырчы быйыл 55ке толмок. Ал өзгөчө үнү, обончулук таланты менен жанып өткөн жарык жылдыз катары өз күйөрмандарын тапкан.

  26. 25

    Иштван Коңур Мандоки: Кыргыздын ар бир боёгунда тарых бар...

    Иштван Коңур Мандоки: Кыргыздын ар бир боёгунда тарых бар...

  27. 24

    Акындын армандуу тагдыры

    "Жан дүйнө” түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы акын Алмаш Чойбекованын тагдырына жана чыгармачылыгына арналды. Өмүрүнүн соңку күндөрүн карылар үйүндө өткөргөн азиз акын жетимиш жашында көз жумду. Чойбекова чыгармачылыкка өткөн кылымдын 80-жылдары кыздар поэзиясынын келечектүү өкүлү катары аралашкан.

  28. 23

    Согуш чайкаган тагдырлар

    Экинчи Дүйнөлүк согушка катышкан 365 миң кыргызстандык кан майдандын каары менен азап-тозогун башынан кечирип, алды дарексиз жоголуп, арты азыркы бейкут күндөрдө бакубат жашоосун кечирип жатышат. “Азаттык” апта түрмөгүн дал ушул согуш каармандарына арнап, уруш тартуулаган миң түркүн тагдырлардын айрымдары тууралуу сөз кылмакчы.

  29. 22

    Мидин жана Алыкул: тарых тактаган талаш

    Кыргыз адабиятында ушул эки залкар инсанды бириктирип да турган, алыстатып да турган бир нече маселе бар.

  30. 21

    Табылды Мукановдун ырга айланган махабаты

    “Жан дүйнө” радио түрмөгүнөн таланттуу акын Табылды Мукановдун чыгармачылыгы жана тагдыры тууралуу кеп болмокчу.

  31. 20
  32. 19

    Бүбүсара Рыскулова: Жазуучу болсом жазат элем, аттиң...

    Кадыркул Өмүркуловдун жубайы, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жазуучунун чыгармачылык дүйнөсү, жеке турмушу жана арманы тууралуу “Азаттыкка” сыябан-маек курду.

  33. 18

    Ооган согушунун искусстводо калган изи

    Кезинде “жабык согуш” катары мүнөздөлгөн Ооганстан апааты тууралуу ошол учурда да, кийин да көптөгөн ырлар, обондор чыгып, тасмалар тартылган.

  34. 17

    Ажалды күттүргөн апыз Абдул Гани Хан

    Хан Абдул Гани Хан пуштун тилинде жазган акын, жазуучу, бедизчи, художник, ойчул, саясатчы, гуманист. Индостанды диний негизде бөлүүгө британ оторчулугуна каршы куралсыз күрөшүүнүн лидери болгон атасы экөө каршы чыккан. Элинин диний караңгылыктан бошонуп, билим алуусу үчүн күрөшкөн бул көй кашка инсандын ырлары менен өмүрү тууралуу баян.

  35. 16
  36. 15

    Чыңгыз Айтматовдун керээзи

    12-декабрда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү белгиленет. Улуу жазуучунун кийинки муундарга калтырган керээзи жана осуяттары жөнүндө "Тарых жана тагдыр" рубрикасынан угуңуздар.

  37. 14

    Фидел Кастро акыркы коммунист

    Кубанын бүт дүйнөгө белгилүү лидери, бул мамлекетти дээрлик 50 жыл башкарган, көзү өткөнгө чейин ар дайым прессанын, дүйнөнүн көңүл борборунда турган Фидел Кастро 90 жашында дүйнөдөн өттү.

  38. 13

    Үркүн тагы (2-бөлүк)

    «Тарых жана тагдыр» түрмөгүнүн бул жолку адабий-музыкалуу уктуруусу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Эки бөлүктөн турган бул уктуруунун экинчи бөлүгүн сунуштайбыз. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов даярдады.

  39. 12

    Үркүндү от алдырган себептер (1-бөлүк)

    «Тарых жана тагдыр» түрмөгүнүн бул жолку адабий-музыкалуу уктуруусу Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналат. Эки бөлүктөн турган бул уктуруунун биринчи бөлүгүндө көтөрүлүштүн башталышы жана кыргыз элинин Кытай жергесине бет алышы тууралуу сөз болот. Уктурууну профессор Осмонакун Ибраимов даярдады.

  40. 11

    Арчимбольдо-сюрреализмдин бабасы

    Арчимбольдо-сюрреализмдин бабасы

  41. 10
  42. 9

    Жаныбек казынын баскан жолу

    Кеңеш өкмөтүнүн куугунтугуна кабылып, Кытай, Пакистан, ооган мамлекеттерине баш калкалап кеткен кыргыздын көрүнүктүү инсандарынын бири Жаныбек Казы Сагынбай уулу жөнүндө тарыхый драманы жакында Жалал-Абад облустук театры көрүүчүлөргө тартуулады. 1869-жылы Өзгөн районунда туулуп, 1933-жылы Пакистанда көзү өткөн Жаныбек казынын чөбөрөсү Алмаз Зулпукаров тарыхый инсандын драмада камтылган жана камтылбай калган өмүр тагдыры тууралуу “Азаттыкка” келип, сыябан маек куруп берди. Маекти Бурулкан Турдубек кызы уюштурду.

  43. 8

    Эки татаал кесиптин ээси - Карел Абдыкулов

    Карел Абдыкулов эки татаал кесипти айкалыштырган инсан: режиссер жана кинооператор. Ал эл аралык фестивалдарда байгелүү орундарды алган “Отто Барч”, “Жорго”, “Тушоо кесүү” сыяктуу жана башка даректүү фильмдерди тарткан. Кыргыз Эл артисти кыргыз элинин тарыхы менен үндөш өмүрүнүн айрым урунтуу учурлары жөнүндө “Тарых жана тагдыр” түрмөгүндо айтып берет.

  44. 7

    Улуу Үркүн алдындагы экономика

    XX кылымдын башы жана 1916-жылкы кыргыздарды Кашкарга тозуткан Үркүн алдындагы Кыргызстандын чарбалык-экономикалык абалы кандай болгон? Падышалык Орусия Орто Азия чөлкөмүн басып алгандан кийин бул жерде кандай саясат жүргүзгөн?

  45. 6

    Шаймерден: Үркүн мени арабөк кылды

    Ибраимов Шаймерден - Улуттук боштондук көтөрүлүштө Кытайга ооп кеткен кыргыздардын үчүнчү мууну. Ал Үркүндөн 80 жыл өткөндөн кийин Кытайдан Кыргызстанга кайтып келген. Үркүнгө кеткендердин урпагы аталарынын Шинжаңда кечирген күнү тууралуу маек курду.

Type above to search every episode's transcript for a word or phrase. Matches are scoped to this podcast.

Searching…

We're indexing this podcast's transcripts for the first time — this can take a minute or two. We'll show results as soon as they're ready.

No matches for "" in this podcast's transcripts.

Showing of matches

No topics indexed yet for this podcast.

Loading reviews...

ABOUT THIS SHOW

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

HOSTED BY

ЭЕ/АҮ

Produced by Азаттык үналгысы

CATEGORIES

Frequently Asked Questions

How many episodes does Тарых жана тагдыр have?

Тарых жана тагдыр currently has 45 episodes available on PodParley. New episodes are automatically indexed when they're published to the podcast feed.

What is Тарых жана тагдыр about?

"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.

How often does Тарых жана тагдыр release new episodes?

Тарых жана тагдыр has 45 episodes. Check the episode list to see recent publication dates and frequency.

Where can I listen to Тарых жана тагдыр?

You can listen to Тарых жана тагдыр on PodParley by clicking any episode. We provide an embedded audio player for direct listening, and you can also subscribe via your preferred podcast app using the RSS feed.

Who hosts Тарых жана тагдыр?

Тарых жана тагдыр is created and hosted by ЭЕ/АҮ.
URL copied to clipboard!