PODCAST · news
Саясат
by ЭЕ/АҮ
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.
Episodes
-
Украина эмне үчүн Wildberries'ти бутага алууда?
Украиналык дрондор өтүп бараткан аптада үч ирет Wildberries маркетплейсинин Орусиянын бир нече аймагында, аннексияланган Крым жарым аралында жайгашкан кампаларына, логистикалык борборлоруна сокку урду. Маалыматтарга караганда, сегиз киши каза тапты, ондогону жарадар болду. Материалдык чыгым...
-
Бөрүбашев: Биз мыйзамдуулукка жете элекпиз
Саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Кыргызстандагы демократия жана сөз эркиндигин абалы тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
-
Борбор Азия биримдиги: мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар
Дүйнөдө геоясий кырдаал курчуп, эл аралык абал чыңалып турган чакта Борбор Азия аймагында ажырымга жол бербей, алаканы чыңдоо маселеси күн тартибине чыкты.
-
"Ооган согушуна от тамызган геосаят" (Аудио)
Ооганстанда талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосунда уруш уланып жатат. Ооган урушуна улуттук биримдик, ички ынтымактын жоктугу, анын айынан өкмөттүн алсыздыгы себеппи, же мунун баары чоң өлкөлөрдүн эрегишинин кесепетиби? Бул теманы “Арай көз чарай” талкуусунда талдадык.
-
Улуу көч кылган катаны, урпактар кийин баяндайт
"Азаттыктын" "Эгемендикти эмне бекемдейт?" сынагына Чаткал районунун Терек-Сай айылынан Чынар Токоева "Отуз жылдык арманым" деген ыр саптарын өзү окуп аудио кат жиберген. Элеттик ардагер акын Чынар Токоеванын буга чейин ыр китеби да чыккан экен.
-
Кадр саясаты: орун алмашуу жана иштин сапаты
Кыргызстандын райондорунун дээрлик бардыгында акимдер жаңыланып, ротацияланды. Бийлик бул аракет "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндөгү" жарлыкка ылайык жүргүзүлүп, жергиликтүү башкаруу органдарынын ишинин эффективдүүлүгүн арттыруу максатын көздөөрүн белгилеп жатат. Ал эми бүгүн парламентте…
more -
Теңизбаев: Жакырчылык капчыктуу партияларга олжо болду (аудио)
Айрым байкоочулар 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо добуш сатып алуу, админ.ресурс колдонуу менен өткөнүн айтып жатышат. 2020-жылы октябрда шайлоо жыйынтыгына нааразы болуп чыккандардын натыйжасы менен келген бийлик таза шайлоо өткөрүүгө кудурети жетеби? Ушул жана башка шайлоого…
more -
Жумалы: Кыргызстандын системаны алмаштырганын түшүнсө болот
Казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы Кыргызстандын парламенттик системадан баш тартып, президенттик башкарууга кайра өткөнү тууралуу "Азаттыкка" маек курду.
-
Казакбаев: "РусГидро" боюнча маселе көтөрүлөт
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев сапар алдында “Азаттык” радиосуна курган маегинде Москвада саясий жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурула тургандыгын баса белгиледи
-
"Садыр Жапаров алты айда өзүн көрсөтүшү керек"
Жарандык активист Мирбек Маматкасым уулу 28-январда кызматка киришип жаткан Садыр Жапаровдон элдин күткөн үмүтү тууралуу ой бөлүштү. Анын айтымында, учурда лидерге муктаж болуп турган кыргыз калкына Жапаров жарым жылда өзүн көрсөтүүгө тийиш.
-
Шайлоонун катасы жана өзгөчөлүгү
"Арай көз чарай" берүүсүндө профессор Сыртпай Мусаев жана саясатчы Адил Турдукулов 10-январдагы шайлоонун күңгөй-тескейин талкуулашты.
-
“Эки жашоом бар. Анын бири ВИЧ менен...”
Дарыгерлердин шалаакылыгы менен кичинекей кезинде ВИЧ илдетин жуктуруп алган Көпөлөк сыр бөлүшөт. “Азаттык” радиосу “Рейнбоу” коомдук фонду менен биргеликте алардын тагдырына арналган “Сынбайм” деп аталган баяндар сериясын сунуш кылат.
-
Президенттикке умтулгандардын дарамети жана мүдөөсү (аудио)
Кыргызстанда 10-январга белгиленген мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны кырктан ашты. Алар кандай концепция, программа менен келатат? Шайлоочулар лидер тандоого даярбы? Акыйкат, кынтыксыз шайлоо өткөрүүгө шарттар түзүлгөнбү?
-
Бишкек - Вашингтон алакасы кандай болот?
Кошмо Штаттардын кийинки президентинин Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанга саясаты кайсы багытта өнүгөт? Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Вашингтон менен Бишкектин ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү баштала элек. Саясат тануучу Эмил Жороев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
-
Молдалиев: Партиялардын соту БШКнын ишинин иретсиздигин көрсөттү
Шайлоонун алдында эки партиядан утулуп калышы Борбордук шайлоо комиссиясынын абройуна кандай таасир этет? Саясат талдоочу Орозбек Молдалиев ой бөлүшөт.
-
Эмнеге баары депутат болгусу келет? (аудио)
Эмне үчүн депутат болууга ашыккандар көп, мандат алуунун жолу оңойбу, анын мыйзамдык жана моралдык жоопкерчилигинде чек болушу керекпи, дегеле парламентаризмди канткенде калыптандырабыз? Ушул ж.б. маселелерди “Арай көз чарай” берүүбүздө сөз кылабыз.
-
Административдик ресурстун арааны (аудио)
Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону калыс өткөрөрүн айтып келет. Ага карабай жер-жерлерде бийлик органдары айрым партияларга иштеп жатканы жарандык коомдун акцияларында айтылууда.
-
Элитасы жок эгемендик (аудио)
Кыргызстан өзүн көз каранды эмес мамлекет деп жарыялагына 29 жыл болду. Эгемендик эмне берди? Саясий-экономикалык өз алдынчалыкка жетише алдыкпы? Же таасирдүү өлкөлөрдүн, капчыктуу корпорациялардын жетегинде калдыкпы? Эркин мамлекеттин эртеңи кандай болушу керек? Ушул ж.б. маселелерди «Арай көз...
-
Партиялар идеологияга жараша бириккен жок (аудио)
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата саясий күчтөрдүн биригүү мөөнөтү аяктады. Баш кошуу жөнүндө чечимдердин негизги критерийи эмне болуп жатат? Партиянын идеологиясыбы же талапкердин кландык, аймактык, материалдык таасири үстөмдүк кылып жатабы?
-
Шайлоо шаңы жана санаасы
«Арай көз чарай» талкуусуна БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бейшенбек Абдразаков катышты.
-
Президенттин кайчы пикир жараткан кайрылуусу (аудио)
Президент Сооронбай Жээнбековдун пандемия күчөп турган маалда Жогорку Кеңеште элге жасаган кайрылуусу кызуу талкууланууда. Мамлекет башчынын сөзү республикадагы чыныгы абалды чагылдыра алдыбы? Коюлган талаптар ишеним жаратабы? Экономиканы турукташтыруу, коррупция менен күрөшүү чаралары үмүт...
-
Ник Мегорандын маеги
Англиянын Ньюкасл университетинин саясий география боюнча профессору Ник Мегоран 2017-жылы «Борбор Азиядагы улутчулдук» аттуу китебин чыгарган. Ал июнь коогасынын тамырын Кыргызстандагы улутчулдук менен түшүндүрүп, ага тил, геосаясий жагдай жана биримдиктин жоктугу шыкак болуп жатканын жазган.
-
Кыргыз партиялары - «акционерлик коомдор»
Жогорку Кеңештеги бир партиянын лидеринин күтүлбөгөн жерден депутат болуп келиши күздө болчу шайлоого даярдык катары бааланууда.
-
Он жолу оңдолгон Баш мыйзам
Эгемен өлкөнүн биринчи Конституциясы кандай шартта кабыл алынган? Конституциянын байма-бай жаңыртууга эмне себеп болду? Азыркы Баш мыйзам парламенттик башкарууну өнүктүрүүгө өбөлгө болуп бере алабы?
-
"Март ыңкылабынын кадыры төмөндөгөнүнө өкүнөм"
Аскар Акаевдин бийлигин кулаткан Март окуяларына 15 жыл толду. 2005-жылдагы "Жоогазын ыңкылабынын" максаты жана коомдогу орду тууралуу Турсунбек Акун ой бөлүштү.
-
Баткендеги өсүш жана өксүк
Баткендин облус болуп түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Аймактын ийгилик жана өксүктөрү жөнүндө талдоочу Хаитали Айкынов ой бөлүштү.
-
Чек арадагы соңку кырдаал
Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин кыргыз президенти чукул кеңешме өткөрүп, премьер-министр баш болгон кызмат адамдары Баткенге барышты.
-
Мамытканов: Сот ачык өтсө көп маалымат чыгат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экономикалык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы башчысы, эксперт Максат Мамытканов Бишкек ЖЭБи боюнча соттун жүрүшү жөнүндө ойлору менен бөлүштү.
-
Сталин байлардын белин кантип сындырган?
Тагдыр иштерман, эрки күчтүүлөрдү да эптеп жан баккан бечаралар сыңары сындырат. Авторитардык совет өкмөтү 1930-жылдары эчендеген букараларды эл душманы деп каралап, Ата журтунан сүрүп, шилтисин куруткан.
-
Атамбаевдин ишине Конституциялык палата чекит коёт
Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева "Азаттыкка" курган маегинде мурдагы президент Аламзбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин пайда болгон укуктук маселелерге токтолду.
-
Акеров: Атамбаев жакын арада камалышы мүмкүн
Депутаттык комиссия менен Башкы прокуратуранын экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюп жаткан дооматтары, анын кол тийбестигин алуу жана андан кийинки ыктымал чаралар тууралуу саясий талдоочу Табылды Акеровду кепке тарттык. Ага суроолорду Эрнист Нурматов узатты.
-
Молдалиев: Экс-президент «көпүрөнү» өрттөп жиберди
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине парламентте айтылган сын, аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу демилгелер жүзөгө ашышы мүмкүнбү? Жогорку Кеңеште жоон топ депутаттар эмнеге бир учурда бул маселеге кайрылышты? Ушул жана башка суроолорго саясат талдоочу Орозбек Молдалиев жооп берди.
-
«Саляновага камактан басым болушу мүмкүн»
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өздүк коопсуздук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ишенбек Мусаев камакта отурган экс баш прокурор Аида Саляновага кылмышкерлер аркылуу басым болуп жатышы толук мүмкүн деп эсептейт.
-
Москвада 600дөн ашуун казакстандык добуш берди
Москва шаарында жана Москва облусунда 250 миңдей казакстандык бар. Москвадагы Казак элчилигинин имаратында ачылган шайлоо бекетинде добуш берүү жараяны тынч өтүп жатат. Бул тууралуу Москвадан Лазат Жаныбек кызы айтып берет.
-
Кармоо менен коштолгон Казакстандагы шайлоо
Казакстанда акыркы 30 жылдан бери өлкөнү башкарган Нурсултан Назарбаев катышпаган алгачкы президенттик шайлоо өтүп жатат. Алматы, Нур-Султан баштаган бир нече шаарларда шайлоого каршы чыккан ондогон адамдар, алардын ичинде журналисттер да кармалды. Бул тууралуу Нур-Султандан кабарчыбыз Бакыт…
more -
Байтемир Ибраев: Экс-президент Батукаев ишине чекит койбой кеткен
Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушу боюнча камакка алуулар уланууда. Ушул аптада кармалган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановду Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-июнга чейин абакта калтырды. Ошол эле кезде Жогорку кызматты аркалаган башка да адамдар камалабы жана…
more -
«Батукаевдин иши», башчылардын изи...
Акыркы күндөрү «Батукаевдин иши» коррупциялык схеманын жыйынтыгыбы же саясий чечимдердин натыйжасыбы деген суроолор коюлууда.
-
"Мамлекет диний билимден жардамын аябашы керек"
Муфтияттын руханий билим берүү башкармалыгынын башчысы Акимжан Эргешев менен Кыргызстандагы диний окуу жайларда дүйнөбий илимдерди окутуунун оош-кыйышы жөнүндө маек.
-
Саясатка курал болгон догдурлар
Балдар онкологу Эмил Макимбетовдун камалышы коомдо бир топ ачакей пикирлерди жаратууда. Кыргыз медицинасында мындай кырдаалдын түзүлүшүнө эмне себеп болду. Өйдө жактын буйругун аткарган дарыгерди камоо кылмыштуулукту азайтабы? Канткенде саламаттык сакчылары саясаттан алыс тура алышат?
-
Саясий элитанын санааркаткан абалы
Кыргызстандын тагдырын чечип жаткан саясий катмардын бүгүнкү деңгээли кандай? Анын коом алдындагы жоопкерчилиги жетиштүүбү?
-
Путинди сындаган активист кое берилди
Сот Орусиянын президенти Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайынын бөгөт чарасын жабык карады.
-
Акеров: Орусияга теңата мамиле кыла албай жатабыз
Кыргыз-орус алакаларынын багыттары, геосаясий кызыкчылыктар жана башка маселелер тууралуу саясий талдоочу Табылды Акеровду кепке тарттык. Ага суроолорду Эрнист Нурматов узатты.
-
Жергиликтүү кеңештерде аялдар азайды
Бийлик башчылары аялдардын мамлекеттин коомдук-саясий турмушка аралашуусуна кайдыгерби же кыз-келиндердин пассивдүүлүгү кедергисин тийгизип жатабы, дегеле аялдардын коомдогу ролун көтөрүү үчүн дагы эмне кылуу керек?
-
Матубраимов: Төраганы алмаштыруу - оюн эмес
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алмамбет Матубраимов парламентте спикерди алмаштыруу боюнча кеп-сөздөр тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.
-
Турсунбек Акун: Момбековдун УКМКга чакырылышы туура эмес
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун депутат Рыскелди Момбековдун УКМКга чакырылышы тууралуу ойлору менен бөлүштү.
-
Азамат Омош: "Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн".
Азамат Омош: "Мен бүгүн үшүп турам. Көчөдөмүн".
-
Шеримкулов: Бишкек ЖЭБи боюнча сот кыргызга сабак болушу керек
Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу жемкорлук саясий талашка айланып, бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы канчалык өз алдынча чечим кабыл алат деген суроону курчутту. Мамлекеттик ишмер, "легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов «Азаттык» менен болгон маегинде ЖЭБиндеги коррупцияга боюнча сот...
-
Ысмайыл карыянын акыркы ибараты
"Карынын сөзүн капка сал" деп айтылат элибизде. Өзгөндүк Ысмайыл Мурзабаев кесипке бышкан адис жана турмуштун ачуу-таттуусун көп таткан санжыргалуу кексе карыялардын бири эле.
-
Кытай-кыргыз мамилесине таасир эткен себептер
Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул соңку кезде кытай жарандарына каршы маанайдын күчөшүнө эмне түрткү болуп жатканына токтолду.
-
Иманкулов: Бийлик таза иштебесе, митингдер токтобойт
17-январдагы Кытай мигранттарына каршы митинг коомчулукта түрдүү көз карашты жаратты. Улуттук коопсуздук боюнча эксперт Марат Иманкулов мурунку бийликтин тушундагы коррупциянын айынан элде нааразылык азайбай жатат деген оюн "Азаттык" менен бөлүштү.
We're indexing this podcast's transcripts for the first time — this can take a minute or two. We'll show results as soon as they're ready.
No matches for "" in this podcast's transcripts.
No topics indexed yet for this podcast.
Loading reviews...
ABOUT THIS SHOW
"Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму.
HOSTED BY
ЭЕ/АҮ
Loading similar podcasts...